четверг, 15 октября 2015 г.

ЭМНЕ ҮЧҮН БИЛИМ АЛУУ КЕРЕК?
Көпчүлүгүбүз бул жөнөкөй суроого кызыгып терең маани бербесек керек. Бардыгыбыз өспүрүм кезде ата-энелерибиздин, эже-агаларыбыздын жакшы окугула, “илимдүү болгула!” -деп көп эле угуп калсаңар керек. Айрым учурда илимге кызыктыруу максатында улуу муундагылардын В.Лениндин: Окуу, окуу жана окуу керек деп айтканын көп мисал келтиришкендиги эсиңерде болсо керек.
Билимсиз татыктуу жашоого мүмкүн эместигин байма-бай айтышат бирок, эмне үчүн билим алуу керектигин татыктуу түшүндүрүшкөн эмем. Эгерде бул суроону ата-энеңерге бере турган болсоңуз алар сизди таңгалуу менен карап – “балам университетте окугуң келеби?” же  болбосо  “адам болгун келеби?” -деп кайра суроо узатышат.
Мына ушул жерден жөнөкөй берилген суроого жөнөкөй жооп берүү кантип болбосун деген суроо туулат. Келгиле бул жөнөкөй суроого жөнөкөй жоопту кесипкөй адистерге кайрылып көрөлү. Менимче ток этер жоопту кесипкөй адистер беришет.
Билим –инсандын дареметинин жогорулашына, бакубат жашоосуна мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Силер жогорку билими жок деле байыса болот да, көптөгөн жогорку билими жок байлар деле жүрүшпөйбү дейсиңер. Албетте мунун да чындыгы бар.
Алар негизги капиталын лидерлик сапаттын билимдүүлүктөн жогору болгон мезгилде топтоп алышкан. Ал эми азыркы учурда биринчи орунга кесипкөй, билимдүү адистер чыгууда. Ошондуктан татыктуу билим алуу керек.



среда, 14 октября 2015 г.

БИЛИМ-ИЛИМ АЧКЫЧЫ
Илим жолу ийне менен кудук  казгандай  деп элибиз  өтө таамай белгилегендей илим жолу  өтө  татаал,  булуң-буйткалуу. Илим  турмуштук  зарылдыктан  улам келип жаралды. Табияттын, коомдун ар кандай  сыноолорун  жеңе  билиш  үчүн, табигый  күчтөрдү  адамдын кызыкчылыгына  багындырыш  үчүн, жашоо  деңгээлинин  өр  тартып жогорулашы  үчүн  же  омоктуу акыныбыз  Алыкулр  айткандай “бүгүнкүбүздөн  эртеңкибиз  ырахаттуу болуш” үчүн адамга илим-билим зарыл керек  болду. Табышмактуу,  белгисиз кубулуштардын  себебин  түшүнүп, аларды жашоо үчүн зарыл нукка буруш үчүн адамга илим керек  болду. Биздин байыркы  бабаларыбыз  бара-бар тажрыйба  топтоп,  көрө-көрө  көсөм болду.  Кайра-кайра  кайталанган кубулуштардын  сыры  алардын себептеринде  экендигин  аңдашты. Эгерде  тигил  же  бул  окуянын себептерин  аныктай  алса,  адам  баласы аларды  пайдалана  аларына  көздөрү жетти.  Илим  эң  жөнөкөй  билимдин элементинен  бийик  теориялык жалпылоолорго  чейинки  татаал  жолду басып  өттү.  Илимий  маалыматтар топтолуп,  илим  коомду  өнүктүрүүчү кубаттуу  күчкө  айланды.  Илим  жолу сыдыргыга  салгандай  шыдыр  болгон жок.  Далай  окумуштуу-илимпоздор өздөрүнүн  көзкараштары  үчүн  жабыр тартышты,  өмүрү  менен  коштошушту. Ошентсе  да,  илим  ийилип,  бирок сынган  жок.  Илим  адегенде тажрыйбадан  анча  алыстабаган эмпирикалык  мүнөздө  болсо кийинчерек  абстрактуу-теориялык деңгээлге  көтөрүлдү.  Натыйжада  адам акылынын  көрөңгөсү  тереңдеп,  арышы кеңейди.  Адамзаттын  акыл-дүйнөсүн жаңы бийик баскычка көтөргөн илимий революциялар болду.Илим,  анын  булагы  болгон билим  адам  жашоосунун  өбөлгөсү болуп  келгендиген  аалам  тууралуу татал  түшүнүктөрдүн  эволюциясынан байкагандай  болдук.  Билеги  күчтүү бирди,  билими  күчтүү  миңди  ...  деген макалга  ынангандай  болдук.  Илим-билим  чыныгы  эркиндиктин ишенимдүү  өбөлгөсү  экендигин бүгүнкү  берүүбүз  дагы  бир  ирет далилдеди  го  деп  ойлойбуз.  Аалам табышмактарында  азыркы,  келечек турмушубуздун  купуя  сырлары катылган.  Алардын  жандырмагы илимде.  Илимдин  ачкычы  билимде. Илим-билим  эртеңки  жашшобуздун ишенимдүү өбөлгөсү.