БИЛИМ-ИЛИМ АЧКЫЧЫ
Илим жолу ийне менен кудук казгандай деп элибиз өтө таамай белгилегендей илим жолу өтө татаал, булуң-буйткалуу. Илим турмуштук зарылдыктан улам келип жаралды. Табияттын, коомдун ар кандай сыноолорун жеңе билиш үчүн, табигый күчтөрдү адамдын кызыкчылыгына багындырыш үчүн, жашоо деңгээлинин өр тартып жогорулашы үчүн же омоктуу акыныбыз Алыкулр айткандай “бүгүнкүбүздөн эртеңкибиз ырахаттуу болуш” үчүн адамга илим-билим зарыл керек болду. Табышмактуу, белгисиз кубулуштардын себебин түшүнүп, аларды жашоо үчүн зарыл нукка буруш үчүн адамга илим керек болду. Биздин байыркы бабаларыбыз бара-бар тажрыйба топтоп, көрө-көрө көсөм болду. Кайра-кайра кайталанган кубулуштардын сыры алардын себептеринде экендигин аңдашты. Эгерде тигил же бул окуянын себептерин аныктай алса, адам баласы аларды пайдалана аларына көздөрү жетти. Илим эң жөнөкөй билимдин элементинен бийик теориялык жалпылоолорго чейинки татаал жолду басып өттү. Илимий маалыматтар топтолуп, илим коомду өнүктүрүүчү кубаттуу күчкө айланды. Илим жолу сыдыргыга салгандай шыдыр болгон жок. Далай окумуштуу-илимпоздор өздөрүнүн көзкараштары үчүн жабыр тартышты, өмүрү менен коштошушту. Ошентсе да, илим ийилип, бирок сынган жок. Илим адегенде тажрыйбадан анча алыстабаган эмпирикалык мүнөздө болсо кийинчерек абстрактуу-теориялык деңгээлге көтөрүлдү. Натыйжада адам акылынын көрөңгөсү тереңдеп, арышы кеңейди. Адамзаттын акыл-дүйнөсүн жаңы бийик баскычка көтөргөн илимий революциялар болду.Илим, анын булагы болгон билим адам жашоосунун өбөлгөсү болуп келгендиген аалам тууралуу татал түшүнүктөрдүн эволюциясынан байкагандай болдук. Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди ... деген макалга ынангандай болдук. Илим-билим чыныгы эркиндиктин ишенимдүү өбөлгөсү экендигин бүгүнкү берүүбүз дагы бир ирет далилдеди го деп ойлойбуз. Аалам табышмактарында азыркы, келечек турмушубуздун купуя сырлары катылган. Алардын жандырмагы илимде. Илимдин ачкычы билимде. Илим-билим эртеңки жашшобуздун ишенимдүү өбөлгөсү.
Комментариев нет:
Отправить комментарий